Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Келип чыккан түбү, түпкү укум-тукуму, негизи. Тала менен тегинде («Манас» С. О.). Муратбек тегин уксаң, кедей (Абдыраманов). Билбеймин ата-тегиңди, Аныктап айтчы кебиңди (Токтогул). Сенин тегиңди айтып берейин, Терип согуп келейин (Калмырза). 2. Жер кыртышынын курамдык бөлүгүнөн болгон, көбүнчө туруктуу курамдан турган же жерден казылып алынуучу минерал. Тоо тектери. 3. диал. Бир нерсенин төмөн жагы, түбү, асты жагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тынч, жөн, тим. Тек тур. Тек тура албай азоо аттай жулунат (Осмонкул). 2. Бекерге, жокко. Үмүт текке кеткен жок («Кыргыз Туусу»). Окуучулар убактысын текке кетиришкен жок. 3. Анчейин гана, жайынча, жөнүнчө, орточо. Ал тек гана болжоп айтып койду окшойт, Башка суроо, башка мүдөө болгон жок (Токомбаев). Же курбалым тили менен айталбай, Эскерсин деп, тек эсине салгандыр (Токомбаев).